ФАКУЛЬТЕТТЕ ҮЧ МАЙРАМ
09:55
2023-жылдын 5-октябры биздин факультет үчүн 3 жагымдуу майрам менен коштолду: Мугалимдер күнү, Ош шаарыбыздын күнү жана ветклиниканын ачылышы.
Былтыркы жылдын август айында пайдубалы башталган ветеринардык клиника бүгүн толук бүтүрүлүп, ачылуу аземи Ош шаарынын мэри Б.Жетигенов, вице-мэри Н.Кадыров, ректор К.Кожобеков жана университеттин башкаруу жана аксакалдар жамаатынын катышуусунда салтанаттуу өттү. Келген коноктор клиниканын жаңы материалдык-техникалык базасы, аны иштетүү өзгөчөлүктөрү жана келечеги менен таанышты. Операциялык блокто үй мышыгына стерилизациялоо жүргүзүлдү. Ветклиникада окуу-илимий жана өндүрүштүк иштер менен катар калкка да кызмат көрсөтүлөт.
ОшМУ илимий-өндүрүштүк-коммерциялык багытка ишенимдүү баратат.
448 09:55 23-11-2023