ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫ

Факультетте чет өлкөлүк ЖОЖдор жана илимий мекемелер менен болгон эл аралык кызматташууну кеңейтүү багытында максаттуу иштер алынып барат. Бул окуу жана илимий процессине жаңы технологияларды жана эл аралык тажрыйбаларды жигердүү киргизүүгө жол ачат.

Эл аралык кызматташуу алкагында өнөктөш ЖОЖдор менен өз ара байланышууга өзгөчө көңүл бурулат жана дүйнөнүн бир катар окуу жайлары менен кызматташуу келишимдери түзүлгөн: Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университети (2017), Гафуров атындагы Ходженд мамлекеттик университети (2018), Польшанын Помор академиясы (2018), Москва мамлекеттик ветеринардык медицина жана биотехнология академиясы (2019), Чирчик мамлекеттик педагогикалык институту (2019), Самарканд ветеринардык медицина институту (2020), Кокон мамлекеттик педагогикалык институту (2020), Ташкент Мал чарбачылыгы жана канаттуулар чарбачылыгы илимий-изилдөө институту (2021), Ташкент мамлекеттик агрардык университети (2021), Андижан айыл чарбасы жана агротехнология институту (2021) ж.б.

Акыркы учурда илимий-изилдөө багытында кафедралардын чет элдик университеттер жана эл аралык уюмдар менен байланыштары күчөй баштады. Аны төмөнкүлөр далилдеп турат:

1.Факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын иш сапарлары: Афины улуттук техникалык университети (Низамиев А.Г., 2018), Португалиянын Миньхо университети (Низамиев А.Г., 2018), Вильнюс техникалык университети (Низамиев А.Г., 2018), Самарканд ветеринардык медициналык институту (Муратова Р.Т., Абдурасулов А.Х., 2019), Швециянын Лунд университети (Камчиев У.М., Момошева Г.А., Низамиев А.Г., Умаралиев Р.А., 2019), Санкт-Петербург университети, Санкт-Петербург химиялык-технология университети (Мамытов Т.А., 2019), Австриянын Зальцбург университети (Низамиев А.Г., 2019), Кокон мамлекеттик педагогикалык институту (Шербаева З.Э., Самиев К.Т., Сатыбалдыев Б., Исакова У.И., 2019), Тажик улуттук университети (Алтыбаева Д.Т., Абдулазизов Т.А., 2019), Өзбекстан улуттук университети (Исраилова Г.С., 2021), Наманган инженердик-курулуш институту (Полотов И.Ж., 2021), Андижан машина куруу институту (Каримов Б.А., 2021), Ургенч мамлекеттик университети (Низамиев А.Г., Умаралиев Р.А., 2022), Самарканд мамлекеттик университети (Момошева Г.А., 2022), Словениянын Любляно университети (Низамиев А.Г., 2022) ж.б.

2.Факультетке чет элдик университеттердин өкүлдөрүнүн иш сапарлары: Болгария илимдер академиясынын Биология жана экоситемаларды изилдөө институту (PhD доктору Дундарова Х., 2019), Урал мамлекеттик педагогикалык университети (г.и.к., доцент Оксана Я., 7 студент, 2021), Самарканд ветеринардык медицина университети (в.и.к., доцент Рузикулов Н.Б., 2021), Абай атындагы Казак мамлекеттик педагогикалык университети (г.и.д., профессорлор Каймулдинова К.Д., Мазбаев О.Б., 2021), Казань федералдык университети (х.и.к., доцент Мельникова Г.Ф., 2021), Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (г.и.к., доценттер Горячко М.Д., Даньшин А.И., 15 студент, 2022) ж.б.

3.Эл аралык долбоорлор менен иштөө жана инвестиция тартуу: Евросоюздун Ерасмус+ программасынын “Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоору (Низамиев А.Г., Камчиев У.М., Момошева Г.А., Умаралиев Р.А., 2017-2021), 5 млн сом өлчөмүндө инвестиция тартылды; Өнүгүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык башкаруунун (SDC) “Кыргыз Республикасындагы Хельветас” уюмунун “Алай жана Чоң-Алай райондорунун флора жана фаунасын изилдөө” аттуу долбоору (Низамиев А.Г., Абдыкааров А., Абжамилов С., Каримов Б.А., Коланов О., 2019), 295, 7 миң сом инвестиция тартылды.

4.Кош дипломдуулук келишимин түзүү: 2022-жылдан “ветеринария” багыты боюнча Самарканд ветеринардык медициналык институту менен келишим түзүлдү.