Haber

Химия профилдеринин студенттери менен жолугушуу болду

2024-жылдын 2-февраль күнү Кореянын Илим жана технологиянын алдыңкы институнун (KAIST) Биоинженерия багытынын студенти Абылкасымов Жандарбек Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 520100-Табигый илимдер жана 550100-Табигый илимий билим берүү багытынын Химия профилдеринин студенттери менен жолугушуу болду. Жолугушууда Химия багытында катышкан олимпиадалар, чет өлкөлөрдөгү окуулар, ийгиликке жетүүнүн жолдору боюнча талкуу болду жана студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты. Жандарбек Химия боюнча 2020-жылы Республикалык олимпиадада 1-орунду, 2019-жылы Малайзияда коло, Сингапурда 2019-жылы алтын, Москва олимпиадасында коло ж.б. көптөгөн медалдардын, ийгиликтердин ээси болгон.
320 10:09 06-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|