Haber

2024-жылдын 10 феврал күнү Ош мамлекеттик университетинин ТТАТФде “Практика келечекке ачык кадам” – темасында семинар өтүлдү.

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 10-феврал күнү факультетибиздин практика жетекчиси Буранов Эдуард Шахтеровичтин башчылыгында"Практика-келечекке ачык кадам" темасында семинар болуп өттү. Семинарга университетибиздин практика жетекчиси А.Б.Баатыралиев, факультетибиздин окутуучулары, студенттер жана иш берүүчүлөр катышты.
Семинардын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер тарабынан педагогикалык, окуу-талаа жана өндүрүштүк практикалар боюнча даярдалган презентациялар тартууланды. Иш берүүчүлөр жана практика жетекчилери тарабынан суроолор берилип, аларга жооп алынып кызуу талкуу жаралды. Практиканын жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана кемчиликтери да айтылды.
Практиканы өткөрүүдөгү талаптар жана бир топ сунуштар Э.Ш. Буранов, К.Т.Самиев, А.Т.Зулушева, Р.Т.Муратова, И.Ж.Полотов, Д.С.Кеңешбаева, М.О.Ярматов, О.И.Маматкулов, П.М.Маматкалыков ж.б. тарабынан айтылды.
345 09:23 13-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|