Haber

Биздин окутуучулар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен кызматташууда

Региондо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү ишине тартылган тренерлер Улуттук банктын Ош областык башкармалыгында пландуу жолугушу болду. Жолугушууга ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти Момошева Гулиза Абылкасымовна катышты. Жолугушунун жүрүшүндө 2023-жылдын калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып Улуттук банктын тренерлерине ыраазычылык айтылып Момошева Гулиза Абылкасымовнага Алкыш барагы ыйгарылды. Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттулугун 2024-жылы жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы каралды.
130 07:29 29-05-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|