ПРОФЕССОР НИЗАМИЕВ А.Г. АБРОЙЛУУ ЖУРНАЛДЫН РЕДКОЛЛЕГИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ БОЛДУ
04:11
12-06-2024
93
Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор Низамиев А.Г. 2024-жылдан Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн “География и природные ресурсы” илимий журналынын редакциялык коллегиясына мүчө болду. География жана экология жаатында абройлуу журналдардын бири болуп саналат. 2008-жылдын январынан журналдын англис тилдүү версиясы Elsevier (Scopus) басылмасынан чыгат.