Haber

ОшМУ евразиялык масштабда эконом-географтарды бириктирди

2025-жылдын 1-9-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы жана Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунун базасында Эконом-географтардын евразиялык конгресси уюштуоулду.

Конгресске ОшМУ, Адышев атындагы ОшТУ, БатМУ, Баласагын атындагы КУУ, Карасаев атындагы БМУнун эконом-географтары жана экономисттери жана чет өлкөлөрдөн 48 өкүл катышты: Германия (1 адам), Казакстан (5), Кытай (4), Польша (2), Россия (28), Сербия (3) жана Өзбекстан (5). Алардын ичинде 1 Россия илимдер академиясынын академиги, 12 илимдин доктору, 19 илимдин кандидаты жана 6 PhD доктору бар. Алсак, РИАнын Сибирь бөлүмүнүн Байкал жаратылышты пайдалануу институтунун илимий жетекчиси, РИА академиги, г.и.д., профессор Тулохонов А.К.; Колосов В.А., РИАнын География институтунун директорунун орун басары, Эл аралык географиялык союздун мурунку президенти, Орус географиялык коомунун вице-президенти, Россиянын эмгек сиңирген географы, г.и.д., профессор; Дружинин А.Г., Россиянын коомдук-географтар ассоциациясынын президенти, Түштүк федералдык университетинин Экономикалык жана социалдык проблемалар боюнча Түндүк Кавказ илимий-изилдөө институтунун директору, РИАнын География институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, г.и.д., профессор; Дун Сочэн, Кытай Илимдер академиясынын Географиялык илимдер жана жаратылыш ресурстарын изилдөө институтунун аймактык экологиялык жана экономикалык изилдөөлөр жана пландоо борборунун директору, “Алкак жана жол” эл аралык окумуштуулар союзунун төрагасы, PhD, профессор; Стрелецкий В.Н., РИАнын География институтунун социалдык-экономикалык география бөлүмүнүн башчысы, г.и.д., профессор; Милинчич Миролюб, Белград университетинин география факультетинин профессору, Белград университетинин алдындагы Орус география коомунун борборунун директору сыяктуу белгилүү окумуштуу-географтар катышты. Ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин 3 мугалими, 1 аспирант, 1 магистрант жана 1 студент катышты.

Конгресстин салтанаттуу ачылышы 2025-жылдын 2-июнунда ОшМУнун “Congress Resort OshSU” борборунда болуп, анда 2 пленардык жана 2 секциялык отурумда 23 илимий баяндама угулду. 5-июнда конгресстин иши Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уланып, 2 пленардык отурумда аталган ЖОЖдордун ректорлору – г.и.д., профессор Чонтоев Д.Т. жана г.и.д., профессор Дылдаев М.М. доклад жасашты жана жалпысынан 10 тематикалык илимий баяндама угулду.

Конгресстин тематикалык багыттарынын илимий-практикалык негиздерин (климаттын өзгөрүшү, мейкиндик өнүгүүнүн геоэкономикалык факторлору, жашыл экономика, демографиялык абал жана миграция, аймактарды өнүктүрүүнүн туристтик компоненти ж.б.) ишке ашыруу максатында Көк-Бел, Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашуулары аркылуу Ош-Жалал-Абад-Токтогул-Кара-Балта-Бишкек маршруту боюнча талаалык жүрүүлөр уюштурулду; Чыйырчык жана Талдык ашуулары аркылуу Ленин чокусунун зонасына (катышуучулар 3200 м бийиктикте Кырчын жайлоосунда нан жана ун азыктарын жасоо жана кымыз даярдоо боюнча мастер-класстарга күбө болушту жана кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты: куурдак, нан, борсоок, созмо, чабаты, кымыз, курут, айран, каймак (Ош областы) жана Ысык-Ата курорттук аймагына (Чүй областы) илимий-таанып билүүчүлүк экспедициялары уюштурулду. Андан ары катышуучулар Ысык-Көл областынын Чок-Тал айлындагы “Дельфин” спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерине жайгашып, көл жээгиндеги туристтик кызматтар менен таанышышты, Каракол шаарындагы Н.М.Пржевальскийдин музейине жана шаардын башка тарыхый-маданий эстеликтерине зыярат кылышты. Белгилей кетсек, иш-чаранын илимий-практикалык бөлүгүн ишке ашырууда конгресстин катышуучулары Кыргызстандын территориясы боюнча бир багытта гана 1425 км жол басып өтүштү.

26 06:07 11-06-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|