Жанылыктар

Өзгөн шаарында улуттар аралык достукту бекемдөөгө арналган фестиваль болуп өттү!

Өзгөн шаардык мэриясы ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи жана Айдем долбоору менен биргеликте улуттар аралык достукту бекемдөө, ынтымакты чыңдоо жана социалдык чыңалуунун алдын алуу максатында кеңири форматтагы маданий фестиваль өткөрүлдү. Бул иш-чара коомчулукта биримдикти, өз ара түшүнүшүүнү жана толеранттуулукту жайылтуу максатында уюштурулуп, ар улуттун маданий мурастарын даңазалоого өзгөчө көңүл бурулду. Фестивалга Өзгөн шаарынын мэринин орун басары Канат Жусупов катышып, жаштарга, Айдем долбоорунун өкүлдөрүнө, мугалимдерге, катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да ушундай иш-чаралар улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө чоң роль ойной турганын белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө бул сыяктуу иш-чаралар коомубуздагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого көмөк көрсөтөрүн белгилеп, мындан ары да мындай иш-чаралардын үзгүлтүксүз өтүп турушун каалап, уюштуруучуларга ийгилик каалады. Фестивалдын алкагында Кыргыз, Өзбек, Түрк элдеринин ыр-бийлери, улуттук каада-салттары, маданий мурастары көрсөтүлүп, катышуучулар көп улуттуу өлкөбүздүн бай маданияты менен жакындан таанышышты. Фестивалдын жүрүшүндө Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары куттуктоо сөзүн сүйлөп Айдем долбоору Өзгөн шаардык мэриясы биргеликте өткөрүлүп жаткан фестивалы жогору деңгээлде уюштурулганын белгилеп уюштуруучуларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
22 07:10 24-06-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|