Китепкана
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясы "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоорунун колдоосу менен "Медициналык айым иши" эксперименталдык программасында окутулган предметтер боюнча окуу китептерин сатып алынды жана колледждерге тапшырды. Китептер колледждин китепкаанасына өткөрүлдү. Ошондой эле USAIDдин «Мыкты Азыктануу» долбоорунун окуу-куралдары жана колдонмолору да колледжге тапшырылды. USAIDдин «Мыкты Азыктануу» долбоору репродуктивдүү курактагы (15–49 жаш) аялдардын жана 5 жашка чейинки балдардын тамактануусун жакшыртуу боюнча иш алып барат.


Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин китепканасы жаңы китептер менен толукталды. Колледжде окутулган адистиктер боюнча китептерге ОшМУга билдирүү берилген. Тендер аркылуу 160275 сомго жаңы китептер сатып алынды жана колледждин китеп фонду толукталды. Алынган китептер электрондук китепканага да киргизилди.


              Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин китепканасы
Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде азыркы мезгилде 12 436 китеп фонду бар. Окуу адабияттар менен камсыздалган, кээ бир предметтерден жетишсиз. Окурман жетишсиз китептерди электрондук китепкананын https://ibooks.oshsu.kg 👈
https://library.oshsu.kg 👈 сайттарынан колдонуп жатышат.