Преподаватель средного профессионального образования
08:48
27-10-2025
1125
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Ош мамлекеттик университети 2025-2026-окуу жылына карата окутуучуларды кайра даярдоо боюнча «орто кесиптик билим берүүдөгү окутуучу» курсуна угуучуларды кабыл алат (лицензия № Е2018-0018 кош. №3, КР ББИМ №889/1 буйругу26.20.2020-ж)
Окуу курсу Кыргызстандагы Азия Өнүктүрүү Банкынын “Секторду өнүтүрүү: Инклюзивтик билим берүү” программасынын алкагында ИПКнын алдынкы тажрыйба борборунда (АТБ) өтөт. Курстун аягында “Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында педагог” квалификациясы берилет.
Курска жалпы билим берүү мектептерде, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларында (лицей, колледждерде) эмгектенген, педагогикалык эмес адистиктерди аяктаган окутуучулар катыша алат.
Группа келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлөт.
Дареги: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү - 4
Сурап билүү телефону: +996773 742 424,
+996 558 180 802.
+996 222 920 717