Жанылыктар

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу семинарларынын 3-туру старт алды

2025-жылдын 4-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинарлардын үчүнчү туру башталды. 6-ноябрда семинар Кыргыз-кытай факультетинде улантылды. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы «Педагогикалык дебют – 2025» жана «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү — МФТИТИнин окутуучусу Калбаев Жанболот Искендерович жана STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамай уулу Жеңишбек алып барышты. Семинарлар профессордук-окутуучулук курамдын активдүү катышуусу менен өтүп, жаңы методдорду үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү жана натыйжалуу аянтча болду. Ошондой эле бул семинарга К. Жубанов атындагы Актөбө региондук университетинин окутуучулары Байшукурова Жанат жана Кельбетова Сандигуль эжекелер мейман катары катышышты. Алар жаш жеңүүчүлөрдүн мастер-класстарын жогору баалап, мыкты деңгээлде өткөрүлгөнүн белгилешти.
159 10:20 06-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|