Профессорлук-окутуучулук курам менен жолугушуу: Эл аралык QS рейтинги жана KPI талкууланды
03:27
08-12-2025
274
2025-жылдын 4-декабрында Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда директор тарабынан профессорлук-окутуучулук курам менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында эл аралык QS рейтинги боюнча маанилүү маалыматтар сунушталып, институттун көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жолдору талкууланды.
Жолугушууга ОшМУнун Илим жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Курманбаева Динара катышып, окутуучулар үчүн KPI толтуруунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле илимий көрсөткүчтөрдү туура чагылдыруу боюнча түшүндүрмө берди.
Окутуучулар KPIнин түзүмү, талаптары жана көрсөткүчтөрдү толтуруудагы маанилүү аспектилер тууралуу кеңири маалымат алышып, жыйын соңунда суроо-жооп форматында активдүү талкуу өттү.