2025-жылдын 9-декабрында Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана
коомдук ишмер, КР УИА академиги, химия илимдеринин доктору, профессор
Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын
болуп өттү. Иш-чаранын башталышында катышуучулар академиктин
илимий-педагогикалык, мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүн чагылдырган
көргөзмө менен таанышышты. Ошондой эле маараке ээси жөнүндө даярдалган
документалдык видеотасма тартууланды. Салтанатты ОшМУнун ректору, ф.-м.и.д.,
профессор К.Кожобеков расмий ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан кийин КР
Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Т.К.Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Н.А.Закиров, Ош облустук аксакалдар
кеңешинин төрагасы А.К.Карашев, түштүктө жайгашкан ЖОЖдордун жетекчилери,
башка коноктор куттуктоолорун айтышты.
Салтанаттуу жыйындын негизги бөлүгүн академик Б.Мурзубраимовдун
илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүгө сиңирген эмгеги жана коомдук-саясий
ишмердүүлүгү боюнча илимий баяндамалар түздү. Тактап айтканда, төмөнкү
баяндамалар окулду: Низамиев А.Г., г.и.д., профессор - “Академик Бектемир
Мурзубраимовдун илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү: ийги изденүүлөр, ишке
ашкан идеялар, ири ийгиликтер”; Матиева Г., КР УИА корреспондент-мүчөсү,
ф.-м.и.д., профессор - “Академик Б.Мурзубраимовдун ОшМУдагы жана жалпы билим
берүү системасындагы ишмердүүлүгү”; Жумабаева Т.Т., КР УИА
корреспондент-мүчөсү, б.и.д., профессор - “Бектемир Мурзубраимов:
коомдук-саясий ишмер, мекенчил инсан”.
Иш-чара концерттик номерлер менен улантылып, маараке ээси Б.Мурзубраимов
ыраазычылык сөзү менен аяктады.











