Haber

ОшМУда химия мугалимдери үчүн окуу-семинар өттү.

2025-жылдын 10-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда химия мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган окуу-семинар болуп өттү. Иш-чараны Ош билим берүү институту уюштурду. Семинарда химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты Т.А. Абдулазизов Ош шаары, Араван, Өзгөн, Кара-Суу жана Алай райондорунан келген 21 мугалимге “Орто билим берүү мектеп программасына ылайыкташкан тажрыйбалардын теориялык негиздери” темасында сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө мугалимдер мектептеги эксперименттик иштерди туура уюштуруу, коопсуздук талаптары жана заманбап методикалар боюнча кенен маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар институттун х.и.д., академик Б.М. Мурзубраимовдун музейине экскурсия жасашып, музейдеги уникалдуу экспонаттар менен таанышып, тарбиялык сааттарды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды алышты.
131 05:16 12-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|