Haber

Египеттеги XII Эл аралык мектеп

Ош мамлекеттик университетинин зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, доцент К.Ы.Стамалиев жана доцент С.Т.Абжамилов 2026-жылдын 12-21-февралында Египет өлкөсүндө Кыргызстандагы Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган “Заманбап билим берүү процессине билим берүү технологияларынын жана психологиянын таасиринде педагогикалык системанын интеграциясы” деген аталышта эл аралык семинар-тренингге катышып келишти. Семинарда Кыргызстандын башка ЖОЖдорунан келген кесиптештер менен биргеликте тажрыйба алмашуу жүрүп, жыйынтыгында 72 сааттык сертификатка ээ болушту.

109 03:16 25-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|