Haber

Кара-Кулжа районунда гидробиологиялык жана ихтиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү

“МТБ Инженеринг Групп” ЖЧКсынын башкы директору Т.Б. Маматеминовдун 2026-жылдын 9-февралындагы №15/7 катына ылайык, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Экология жана биоинженерия кафедрасынын илимий-изилдөө иш планынын алкагында жана “Обоснование потенциала зеленой экономики и отраслевой диверсификации для устойчивого развития региона (на примере Ошской и Баткенской областей Кыргызской Республики и Андижанской области Республики Узбекистан)” аттуу гранттык долбоордун негизинде илимий экспедиция уюштурулду.

2026-жылдын 24–25-февраль күндөрү экспедиция Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылы аймагындагы Чоң-Кааты дарыясында кичи гидроэлектр станциясын куруу планына байланыштуу гидробиологиялык жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүздү.

Илимий экспедициянын курамына төмөнкү окутуучулар кирди:
Абдыкааров А.М. – илимий экспедициянын жетекчиси, зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, б.и.к.;
Стамалиев К.Ы. – кафедра башчысы, б.и.к., доцент;
Абжамилов С.Т. – кафедранын доценти, б.и.к.;
Низамиев А.Г. – экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын профессору;
Каримов Б.А. – ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын доценти, б.и.к.;
Камчиев У.М. – физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын ага окутуучусу.

Гидробиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында дарыя суусунда күнүмдүктөрдүн Ephemeroptera түркүмүнө кирген, Ephemeridae тукумуна таандык личинкалар гана кездешкени аныкталды. Флоралык жана ихтиофауналык тирүү организмдер табылган жок.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы аймактагы экологиялык абалды баалоого жана пландаштырылып жаткан гидроэнергетикалык объекттин айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин аныктоого өбөлгө түзөт.

97 07:52 27-02-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|