Жанылыктар

«Сүмөлөк бышыруу» иш-чарасы өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде улуттук салт-санааларды даңазалаган «Сүмөлөк бышыруу» иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чарага колледждин жалпы эмгек жамааты, келген коноктор жана студенттер активдүү катышышты. Сүмөлөк кыргыз элинин каада-салттарын сактоо менен даярдалып, иш-чара колледжибиздин аксакал окутуучуларынын батасы менен ачылды. Майрамдын алкагында улуттук оюндар уюштурулуп, студенттер үчүн селкинчек тебүүгө арналган алтыбакан орнотулду. Катышуучулар улуттук оюндарга активдүү катышып, майрамдык маанайда, кызыктуу өткөрүштү. Мындан тышкары, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Уңгужол» жарлыгынын IV бөлүмүндө көрсөтүлгөн «Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият» багытына шайкеш уюштурулуп, жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын арттырууга, маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, улуттук аң-сезимин калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
36 08:29 04-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|