Haber

Семинар тууралуу маалымат

ОшМУда жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер боюнча семинар өткөрүлдү

9-апрель 2026-жыл

2026-жылдын 9-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси менен биргеликте семинар уюштурду.

Иш-чара 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруунун алкагында жаңы муундагы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо, аларды басмага даярдоо жана окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү максатында өткөрүлдү.

Семинарда Агартуу министрлигинин эксперттери окуу-методикалык комплекстердин линиялык түзүлүшү, мазмундук өзгөчөлүктөрү, адаптациялоо процесси жана сапаттуу окуу материалдарын даярдоо боюнча кеңири маалымат беришти.

Семинар эки багытта өткөрүлдү:

1-багыт: Математика окутуучулары үчүн семинар башкы корпустун 201-залында өткөрүлдү.
2-багыт: Табигый илимдер (физика, химия, биология, география) боюнча окутуучулар үчүн семинар башкы корпустун 301-кабинетинде уюштурулду.

Семинарга кафедра башчылары, методикалык кеңештердин жетекчилери жана тиешелүү багыттагы профессордук-окутуучулук курам активдүү катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жаңы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты.

124 04:01 10-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|