Студенттер жана жаш инноваторлор үчүн! КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор»
«ШКУнун 100 келечектүү инноватору» эл аралык фестивалына катышуу үчүн конкурстук тандоо жарыялайт.
Өтчү жери: Ташкент ш., Өзбекстан
Убактысы: 2026-жылдын апрель айы
Фестивалдын алкагында:
• Робототехника боюнча олимпиада
• Дрон башкаруу боюнча олимпиада
• Инновация жана стартаптар конкурсу
Кимдер катыша алат?
Кыргыз Республикасынын 17–30 жаштагы жарандары, төмөнкү багыттардагы долбоорлор менен:
• илим жана технология
• санариптик чечимдер
• туруктуу өнүгүү
• инновация жана стартаптар
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-ж. 20-февралга чейин
Байланыш: 0503 44 07 05
Дарек:
Ош мамлекеттик университети (ОшГУ), Бизнес Парк
Абсамат Масалиев проспекти, 93/9
Тандоонун жобосу жана талаптар:
https://drive.google.com/file/d/1LYyCuwqa8lQ4Txdrxh6V7_aK9aFFP8MQ/view
Эл аралык деңгээлде өз долбооруңду көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк!











