Alatoo Hub Battle 2026 — студенттик стартаптар чемпионаты
Сен студентсиңби жана стартапыңа каржылоо кайдан табууну билбей жатасыңбы?
Alatoo Hub Battle 2026 — бул стартаптар идеядан ишке ашырууга чейинки жолду өтүп, эң мыкты долбоорлор каржылык колдоо жана эксперттик жардам ала турган иш-чара.
Бул чемпионат студенттик ишкерчиликти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чара ар түрдүү университеттердин студенттерин, ишкерлерди, инвесторлорду жана рынок эксперттерин бириктирет.
Катышуу үчүн эмне керек:
команда түзүп, стартап идея иштеп чыгуу;
долбоордун баалуулук сунушун түзүп, максаттуу аудиторияны аныктоо;
иштеген MVP (прототип) даярдап, рынокто тестирлөө;
МУАда стартап-тренингден өтүү;
долбоор боюнча күчтүү презентация даярдоо.
Катышууга чакырылат:
бакалавриат жана магистратура студенттери;
2ден 5ке чейин адамдан турган командалар;
мурда инвестиция же грант албаган прототипи бар долбоорлор.
Долбоор багыттары:
EdTech, FinTech, AgriTech, HealthTech, CyberTech, Robotics, BioTech, GameTech, IndustrialTech.
Финал:
2026-жыл, 8-апрель
Эл аралык “Ала-Тоо” университети
(Анкара көчөсү 1/8)
Финалда тандалган 20 команда 5 байгелүү орун үчүн ат салышат жана ар бири 1000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алышат.
Арыздарды кабыл алуу:
2026-жыл 23-февралдан 15-мартка чейин
Дареги:
ОШМУ Бизнес парк
Абсамат Масалиев проспекти, 93/9
106-кабинет
Байланыш номери: +996 503 440 705
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! Стартап идеяңды ишке ашырууга кадам ташта!











