КЫЗДАР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ЖАРЫЯ!
Ош мамлекеттик университетинин аял окутуучуларын, стартапер студент кыздарын жана стартапка кызыккан бардык кыздарды 3 күндүк окутууга чакырабыз!
Иш-чара Ош мамлекеттик университети жана анын Бизнес паркы менен биргеликте өткөрүлөт.
Темасы:
Аял ишкерлерди санариптик трансформация аркылуу өнүктүрүү
(Women ICT Frontier Initiative – WIFI DX)
Күндөрү: 13–14–15-апрель 2026-жыл
Башталышы: 09:00
Өтүлүүчү жери: Jannat Resort Osh
Окутууда сиздер үйрөнөсүздөр:
• Бизнес инновация жана санариптик трансформация негиздери
• E-commerce жана санариптик маркетинг
• Маалыматтарды талдоо (Data Analytics)
• Жасалма интеллект (AI) жана аны бизнесте колдонуу
• Онлайн бизнес жүргүзүү жана өнүктүрүү ыкмалары
Кимдер катыша алат:
• Аял окутуучулар
• Стартапер студент кыздар
• Стартапка кызыккан бардык кыздар
• Аял ишкерлер жана активисттер
Бул программа сизге:
• Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө
• Бизнесиңизди жаңы деңгээлге чыгарууга
• Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет
Орундар чектелүү — эртерээк катталууга шашылыңыз!
Катталуу группага кошулунуздар
https://chat.whatsapp.com/F2XYTl10sxw6PMCsuV8GnH?mode=hqctcli











