Айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо багытында иш-чараларга катышуу активдүү уланууда
10:43
18-04-2026
152
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана окутуучулары коомдук пайдалуу иш-чараларга активдүү катышууну улантууда. Бул ирет окуу жайдын жамааты Жалал-Абад облусунун Сузак району менен Өзгөн районунун чек арасына жакын жайгашкан Баш-Дөбө айыл аймагы аркылуу өткөн Бишкек–Ош унаа жолунун жээктерин тазалоо боюнча ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында жол боюндагы таштандылар жыйналып, айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо багытында маанилүү иштер аткарылды. Студенттер менен окутуучулар экологиялык маданиятты жогорулатуу, коомчулукка үлгү көрсөтүү жана айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти күчөтүү максатын көздөшөт.
Мындай иш-чаралар жаштардын жарандык позициясын бекемдеп, тазалыкты сактоого болгон аң-сезимин жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ. Колледж жамааты мындан ары да коомго пайдалуу демилгелерди колдоону улантат.