Haber

Эл аралык кызматташтык: Академиялык мобилдүүлүк ийгиликтүү ишке ашты

2026-жылдын 28–30-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы жана химия багыты боюнча билим алып жаткан 20 студент Фергана мамлекеттик университетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапары менен барып келишти.

Иш сапар эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулуп, билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоого багытталды. Программанын жүрүшүндө кафедранын тажрыйбалуу окутуучулары Фергана мамлекеттик университетинин студенттерине заманбап окутуу усулдары аркылуу лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүштү.

Мындан тышкары, эки окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы химия багытындагы билим берүү программаларын талкуулап, келечектеги биргелешкен илимий долбоорлор жана академиялык кызматташтык боюнча пикир алышты.

Академиялык мобилдүүлүккө катышкан студенттер лабораториялык иштерге, практикалык сабактарга жана биргелешкен талкууларга активдүү катышып, кесиптик тажрыйбасын байытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул иш-чара эки университеттин ортосундагы илимий-педагогикалык байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүп, студенттер менен окутуучулар үчүн эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтчасына айланды.

114 05:27 26-05-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|