News

Долбоордун 9-оюну уюштурулду

“РОСОМЕД” уюмунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун алкагында пилоттук тестирлөө оюндарынын 8-оюну ОшМУнун медицина факультетинин “Табигый-илимий дисциплиналар”, “Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы”, “Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия”, “Нормалдуу, патологиялык физиология жана фармакология” кафедраларынын өкүлдөрүнөн куралган “ЗНАНИЕ” жана “УМНИКИ” командалары катышып, 1900 упай топтоо менен “ЗНАНИЕ” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары эки командадан тең З.Х. Сандыбаева, Ж.Д. Сатимова деген катышуучулар мыкты оюнчулар деп табылды. Аларга 3 раундда “Ассорти”, “Вопросы с интернета”, “... ларин ...”, “Начинается с “ос””, “Клетки”, “Вопросы от ...” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилди. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга стетоскоп, медициналык халат, глобус сыяктуу белектер жана дипломдор тапшырылды. Оюнга медицина факультетинин деканы, доц. К.М. Мамашарипов көзөмөл салып олтурду. Окутуучулар иш-чара кызыктуу болгондугун жана жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.
36 03:37 04-06-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|