Haber

Адал туризмди өнүктүрүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

2026-жылдын 12–13-июнь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы менен Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунун уюштуруусунда “Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү жана көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июнундагы №454-т тескемеси менен бекитилген “2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын” адал туризмди өнүктүрүүгө багытталган 3-пунктун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Илимий иш-чарага Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, атап айтканда Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен, Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинен, Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинен, Кокон мамлекеттик университетинен, Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунан, Бухара мамлекеттик техникалык университетинен жана Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинен келген окумуштуулар жана адистер катышышты.

Конференциянын пленардык жыйынында география илимдеринин доктору, профессор Низамиев А.Г., география илимдеринин кандидаты, доцент Самиев К.Т., улук окутуучулар Шерматова Ж.Т. жана Султанов Ж.М. адал туризмди өнүктүрүүнүн учурдагы абалы, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү боюнча илимий баяндамаларды жасашты.

Баяндамалардын негизинде кеңири талкуулар уюштурулуп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргызстанда адал туризмди өнүктүрүү, анын инфраструктурасын жакшыртуу, региондордо жайылтуу жана туризмдин башка түрлөрү менен интеграциялоо боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.

Конференциянын практикалык бөлүгү Алай районундагы «Кайыңды» туристтик зонасында улантылып, катышуучулар үчүн адал туризмди уюштуруу жана тейлөө боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Анда адал туризмдин негизги талаптары, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселелери көрсөтүлдү.

Өткөрүлгөн конференция адал туризмди илимий негизде өнүктүрүүгө, бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга өз салымын кошту.

44 04:35 15-06-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|