XXV Эл аралык Ысык-Көл оюндарында Ош шаарынын намысын коргоп, Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Атабаев жана Капаров пляждык волейбол боюнча мелдешке катышып, жогорку чеберчилигин көрсөтүштү.
Мелдештин жүрүшүндө Ош шаарынын командасынын курамында өнөрлөрүн көрсөткөн ОшМУнун окутуучулары атаандаштары менен болгон беттештерде спорттук даярдыгын, командалык ынтымагын жана жеңишке болгон аракетин көрсөтүп, жыйынтыгында II орунду ээлеп, күмүш медалга татыктуу болушту.
Пляждык волейбол боюнча байгелүү орунга ээ болуу — спортчулардын үзгүлтүксүз машыгуусунун, жогорку даярдыгынын жана мелдеш учурундагы тынымсыз аракетинин натыйжасы.
Ош мамлекеттик университетинин жамааты кесиптештерин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем ден соолук, спорттук ийгиликтерди жана алдыдагы мелдештерде дагы да жогорку жетишкендиктерди каалайт.
Жеңишиңиздер кут болсун! Ар дайым бийиктиктерди багындыра бериңиздер!











