Коопсуз чөйрө – жаркын келечек
2026-жылдын 2-октябрында Индустриалдык-педагогикалык колледжинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга арналган “Коопсуз чөйрө – жаркын келечек” аталышындагы кезектеги жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага атайын чакырылган коноктор катышып, студенттерге пайдалуу маалыматтарды беришти:
Надыров Эрлан Мырзаканович – №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору;
Жапакова Гүльмүра Жузубалиевна – КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги;
Кулуева Гүлбара Сабыралиевна – Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун башчысы, психолог;
Кадырбеков Жаңыбай Акпаралиевич – КР ИИМдин генерал-майор Э. Алиев атындагы Академиясынын факультеттер аралык кафедрасынын окутуучусу, милициянын капитаны;
Токтобаев Максат Токтосунович – Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн инспектору, милициянын улук лейтенанты.
Жолугушуунун жүрүшүндө баңгизаттардын ден соолукка тийгизген зыяны, мектеп жана колледждердеги рекетчиликке бөгөт коюу маселелери чагылдырылган атайын презентациялар көрсөтүлдү. Ошондой эле психолог тарабынан жаштардын психологиялык саламаттыгы менен жан дүйнө коопсуздугун сактоо боюнча баалуу кеңештер берилди. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна адистерден кеңири жооп алышты.
Аталган тарбиялык мааниси бар иш-чара Индустриалдык-педагогикалык колледждин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Ы. А. Термечикова тарабынан уюштурулду.