ТАРЫХЫ


Колледждин тарыхы

      Азыркы учурда үзгүлтүксүз билим берүү системасы дүйнөлүк коомчулук үчүн чыдамкайлыкты, улуттук маданиятты, жалпы адамзаттын баалуулуктарын өнүктүрүүнүн жана аларды өз ара байытуунун ыкмасы, эл аралык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуунун, учурдун глобалдык маселелерин чечүүнүн маанилүү фактору жана шарты катары кызмат кылууда. Замандын талабын илгиртпей мыкты түшүнгөн ОшМУнун жетекчилиги, окуу жайдын курамында үзгүлтүксүз билим берүү системасынын билим берүү мекемелерин түзүүнү колго ала баштады. Учурда бул процесс чоң кулач жайып жаткандыгына баарыбыз күбөбүз.
      ОшМУнун курамындагы көп профилдүү индустриалдык-педагогикалык колледжи да үзгүлтүксүз билим берүү системасынын звенолорунун бири болуп эсептелет.
      Колледждин өзөгүн түзгөн жана ал даярдап жаткан адистиктердин ачылышынын жана пайдубалынын түптөлүшүнүн тарыхы тээ 2009-жылдан башталат.
      2009-жылы ОшМУнун педагогика жана искусство факультетинин базасында орто звенодогу адистерди даярдоо боюнча 0312 – «Башталгыч класстарда билим берүү» (2009-жылдын 3-августу, КР ББИМнын №11/1 лицензиясы) жана 0301 – «Дене тарбия» (2009-жылдын 3-августу, КР ББИМнын №11/2 лицензиясы) адистиктери, ал эми 2010-жылы «Кийимдин дизайны» адистиги ачылган.
      2010-жылы «Кийимдин дизайны» адистигине 11 студент, 2011-жылы «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин кыргыз группасына 29, өзбек группасына 25, «Дене тарбия» адистигине 20 студент жана «Кийимдин дизайны» адистигине 78 студент окууга кабыл алынган. Ошол учурда орто кесиптик билим берүүчү адистиктердеги окуу процессин окуу иштери боюнча декандын орун басары жетектеген.
      Коом тарабынан мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү системасына коюлган талаптарды турмушка ашыруу максатында 2012-жылы ОшМУнун ректорунун № 358/1 буйругу менен педагогика жана дене тарбия факультетинин алдында “Атайын орто кесиптик билим берүү” бөлүмү уюштурулган. Бөлүмдү 2012-2015-жылдары п.и.к., доцент А. Исаев, ал эми 2015-2017-жылдары п.и.к., доцент З.С. Абдураимова жетектеп келишкен. 2017-жылдын 30-августунда ректордун № 745 буйругунун негизинде Ош мамлекеттик университетинде гуманитардык-педагогикалык колледжи ачылып, 2018-жылдын 14-мартынан индустриалдык-педагогикалык колледж болуп бекилген. Индустриалдык-педагогикалык колледж болуп өзгөргөнүнө байланыштуу ОшМУнун ректорунун №804 буйругу менен коледждин структурасына өзгөрүүлөр киргизилип “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Эсептөө техникасы жана автоматаштырылган системаларды программалык жабдуу”, “Дизайн”, “Мунай жана газ чыккан жайларды иштетүү жана пайдалануу” адистиктери колледждин курамына кошулган.
      2020-жылы Социалдык иштер, Дене-тарбия, Колдонмо информатика жана Маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системасы адистиктери колледждин курамына кирген. Ошол эле жылы “Тигүү буюмдарын конструкциялоо,моделдештирүү жана технологиясы” адистиги Азия өнүктүрүү банкынын сунушу менен ачылган.
2021-жылы Башталгыч класстарда окутуу адистигинин сырттан окуу формасы ачылды.
Окуу жайды п.и.к., доцент Шаимкулов Олжобай Акматович жетектеп келүүдө.