News

Венгриялык окумуштуу конок лекция окуду

Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Кароли Гаспар атындагы Реформатский университетинин профессору, доктор Хидан Чаба эл аралык медицина факультетинин студенттерине жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучуларына «Эразмус плюс программасынын алкагындагы академиялык мобилдүүлүк тууралуу» аттуу темада конок лекция окуду. Иш-чаранын жүрүшүндө венгриялык окумуштуу өз өлкөсүнүн билим берүү системасы, маданияты, каада-салты, жашоо образы ж.б. боюнча дагы ой бөлүшүп, венгерлер менен кыргыздардын терең тарыхый тууганчылык байланыштары, тилдеринин лексикасында жана грамматикасында бир топ окшоштуктар бар экендигине токтолду. Көп жылдык турмуштук жана ишмердүүлүк тажрыйбасынан учкай кеп кылып, студенттерди сергек жашоо образына үндөдү.
50 08:17 28-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|