Жанылыктар

Кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүк: ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен «Вита Мед-Өзгөн» кызматташтыкты өнүктүрөт

Студенттердин клиникалык практикасы жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу боюнча кызматташтык келишимине кол коюлду Бүгүн, 2026-жылдын 29-октябрында, ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен «Вита Мед-Өзгөн» медициналык борборунун ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду. Келишимге колледждин директорунун милдетин аткаруучу Э.С. Каримбаев жана медициналык борбордун жетекчиси Рахманалиев Ержан Кадралиевич кол коюшту. Кызматташтыктын негизги максаты — медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, студенттердин клиникалык практикадан өтүүсүнө шарт түзүү жана алардын теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен бекемдөө. Ошондой эле келишимдин алкагында тараптар өз ара маалымат алмашуу, бош жумуш орундары тууралуу маалымат берүү жана колледждин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөктөшүү багыттарында кызматташууну көздөшөт. Бул өнөктөштүк студенттердин кесиптик тажрыйбасын арттырууга, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу медициналык адистерди даярдоого жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи мындан ары да саламаттык сактоо мекемелери менен өнөктөштүктү чыңдап, сапаттуу медициналык билим берүү жана келечектеги адистердин кесиптик өнүгүүсү үчүн иш алып барат.
64 17:18 29-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|