Новости

2015-жыл - ийгиликтин жылы

Ош МУнун 2015-2016-окуу жылындагы жылдын “Илим күнүнө” арналган илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгын чыгаруу боюнча иш-чарада ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында даярдалып, басмадан чыккан 2 окуу китеби КРнин билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгып (Каримова Б.К. Кыргызстандын суу өсүмдүктөр дүйнөсү, А.Тажибаевдин Ботаника. Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы жана Д.А. Эмилбекованын Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы) "Мыкты окуу китеби-2015" номинациясында жеңүүчү болуп, 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен, 1 окуу-усулдук колдонмо (А.Тажибаев Генетикадан маселелер жана көнүгүүлөр) "Мыкты окуу-методикалык колдонмо-2015" номинациясында 2-орунду, 1 монография (Эмилбекова Д.А.) "Жылдын мыкты монографиясы" номинациясында 3-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен белгиленди. Ал эми чет өлкөдөн чыгарылган статьялары үчүн проф. Б.Каримова - 2 макала, проф Тажибаев А. жана ага окутуучу Маматкулов О. - 1 макала, доцент Б.Абылаева - 2 макала үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
2687 18:12 27-12-2015

                 

Новости

|< 1 >|