Новости

Мамлекеттик тил майрамы бардык факультеттерде өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Мамлекетик тил Мыйзамынын 26 жылдыгына арналган салтанаттуу кечелер КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Жобосуна ылайык ОшМунун бардык структураларында өтүп жатат. Мында факультеттин жана коллеждердин кыргыз тилчи окутуучуларынын кылган эмгеги эбегейсиз. Анткени, билим сапарына жаңыдан гана аттанган жаш студент досторду алга жетелеп, алардын чыгармачылык шык-дараметин ойготуп, мамлекеттик тил майрамында эл алдына чыгып сүйлөөнү, эне тилди кадырлоого тарбиялашат. Мамлекеттик тил майрамында активдүү катышкан медициналык, финансы-юридикалык коллеждерди, орус филологиясы, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин, эл аралык мамилелер жана башкаруу, БжМ, МИТ, физика-техника факультеттерин, тарых, юридика, табият таануу жана география, медицина,чет тилдер факультетин, Конфуций институн атап айтсак болот. Мамлекеттик тил майрамына жигердүү катышкан студенттерге, факультеттердин, институттардын жетекчиликтерине терең ыраазычылык билдиребиз.
3101 16:10 22-09-2015

                 

Новости

|< 1 2 >|