Новости

Маркум Моңолбаев Талантбек Шариповичти эскерүү кечеси

2014-жылдын 18-апрелинде 12-00 дө журналистика бөлүмү жана «Ош жаңырыгы» газетасынын эмгек жамааты биргеликте уюштурган Кыргыз Республикасына аты таанымал, белгилүү журналист жана жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер маркум Моңолбаев Талантбек Шариповичти эскерүү кечесин болуп өттү. Ошондой эле анын атын түбөлүккө калтыруу максатында Ош облустук Журналисттер союзунун төрагасынын демилгеси менен КРнын Ош облустук журналисттер союзунун арналган «Моңолбаев Талантбек Шарипович» атындагы эл аралык сыйлык уюштурулган. Аталган эл аралык сыйлык менен «Ош жаңырыгы» гезитинин кабарчысы Г.Мамазияева, журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Зия Уллах, 4-курсунун студенти Апиш уулу Cыдык жана башка белгилүү журналисттер сыйланышты.

5310 11:43 25-04-2014

                 

Новости

|< 11 12 13 14 15 >|