Новости

Ош МУнун магистратурасында эмгек акы жогорулады!!!



Ош МУнун магистратура департаментинин директору, э.и.к. доцент Эрлан Камаловдун демилгесин Ош МУнун ректору, профессор Каныбек Исаков агайыбыз колдоп, Ош МУнун Окумуштуулар Кеңеши карап жактырып берди.

Ош МУнун магистратурасынын аброюн жогорулатуу жана магистранттарды даярдоого алдыңкы адистерди тартуу максатында магистратурада сабак берип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын магистратурадагы окуу жүктөмдөрү үчүн 15% (он беш пайыз) өлчөмүндөгү каражатты кошумча материалдык стимул катары төлөп берүүнү ОшМУнун Окмуштуулар Кеңешинин 2014-жылдын 18-ноябрындагы №2 жыйынында каралып бекитилди жана тиешелүү буйрукка кол коюлду.

Ош МУнун жетекчилигинин мындай прогрессивдүү, өз учурунда кабыл алган чечими билим берүү тармагын реформалоо шартындагы магистратурадагы сапатка болгон өзгөчө мамилени көргөзүп турат.

Кыргыз Республикасындагы эң ири ЖОЖ болуп эсептелген Ош МУда магистратура 2008-жылы “Экономика” багыты боюнча ачылган. Азыркы учурда университетте 26 багыт боюнча магистрлер даярдалууда.

Буга чейин ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, административдик башкаруу, чарба көмөкчү жана кенже-тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акылары окуу жайдын ички резервдеринин эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып салыштырмалуу кызматтык окладдын 50%дай жогорулатылган эле.


3592 18:24 01-12-2014

                 

Новости

|< 2 3 4 5 6 >|