Новости

Кытай магистранттары Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.


Кытай Эл Республикасынын Синьзянь педагогикалык университетинен Ош мамлекеттик университетинин магистратурасында эл аралык алмашуу программасы боюнча 2 магистрант 1 жылдык мөөнөт менен билим алып жатышат. 2014-жылдын 12-декабрь күнү ОшМУнун магистратурасынын “Аймак таануу” багыты боюнча окуп жаткан магистранттар Жу Шутинг жана Уан Фанфан менен магистратура департаментинин директору, э.и.к., доцент Эрлан Камалов жолугушту. Жолугушууда магистранттар Ош МУда билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн жана алар өз өлкөсүнө татыктуу билим алып, бай тажрыйба топтоп кайтаарын баса белгилешти.

Университеттер ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Ош МУнун 7 магистранты азыркы учурда КЭРдин Синьзянь педагогикалык университетинин магистратурасында 1 жылдык мөөнөт менен окуп жатышат.

Ош МУда чет элдик алдыңкы жогорку окуу жайлар менен билим сапатын көтөрүү, эл аралык билим берүү мейкиндигине кошулуу жана студенттерди, магистранттарды, окутуучуларды алмашуу жаатында байланыштар мындан ары да чыңдала бермекчи.

Учурда Ош МУнун магистратурасында 26 багыт боюнча 500 дөн ашуун магистрант билим алууда.

3186 09:46 13-12-2014

                 

Новости

|< 2 3 4 5 6 >|