2015-жылдын 25-26-июнь күндөрү Ош МУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинде “Менеджмент” жана “Экономика” багытындагы магистранттардын магистрдик диссертацияларын коргоо болуп өттү. Коргоо жогорку деңгээлде өтүп, “Менеджмент” багытынан 3 магистрант "эң жакшы" 3 магистрант “жакшы” жана “Экономика” багытынан 11 магистрант "эң жакшы" 2 магистрант “жакшы”, деген бааларды алышты.
Коргоонун жыйынтыгы жана Мамлекеттик Аттестациялык Комиссиянын чечими менен19 магистрантка “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча “Магистр” академиялык даражасы ыйгарылды.