Новости

Жаштар комитетинин торагасы шайланды.

2016-2017-окуу жылынын сентябрь айында юридика факультетинин Жаштар комитетинин төрагалыгына шайлоо жарыяланган. Шайлоо күнү 3-октябрга белгиленген. Бул орунга талапкер катары 3 студент ат салышты. Алар Алмазбек уулу Адилет ЮР(б)1-14 тайпасынын студенти, Аширалиев Бексултан ЮР(б)2-14 тайпасынын студенти жана Белекбаев Арген ЮР(б)1-15 тайпасынын студенти. Жалпысынан алганда шайлоо ачык, айкын өттү. Шайлоого күндүзгү окуу бөлүмдүн студенттеринин 50 пайызы катышып, 89 добуш менен ЮР(б)1-15 тайпасынын студенти Белекбаев Арген жеңишке жетишти. Аргенди жеңиши менен куттуктап иштерине ийгилик, ден соолук каалайбыз!
3281 09:03 05-10-2016

                 

Новости

|< 1 2 3 >|