Новости

Юридика факультетинде Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгына байланыштуу жолугушуу болуп өттү.

Бүгүн юридика факультетинде Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгына байланыштуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Ооган согушунун катышуучулары запастагы полковник Нурматов Э. Т.,Карабаев Т. Ж., катардагы жоокер кызматын өтөгөн Сулайманов Б. К. келип студенттер менен кызыктуу маек куруп беришти. Студенттерди негизинен Ооган согушунун чыгыш себептери, жүрүшү жана жыйынтыктары кызыктырды. Келген коноктор өз башынан өткөн кыйынчылыктарды, сыноолорду, аларды кантип жеңип чыккандарын баяндап беришти. Сөз аягында студенттерди патриоттуулукка үндөп, ар бир Кыргызстандын жараны мамлекетибизди коргоого милдеттүү экенин айтып өтүштү.
2426 11:59 17-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|