Новости

Мектеп директорлорунун орун басарлары менен кеңеш

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда 2019-жылдын 8- октябрында ОшМУнун мектеп директорлорунун орун басарлары менен өндүрүштүк кеңеш болуп өттү. Анда структуранын жетекчиси Т. А. Жороев иш-чараларды мерчемдөөдө конкреттүүлүккө жана сапатка басым жасалуу керектигин белгилеп, ОшМУнун мектептеринин окуучуларына улуттук тарбия, жеткиликтүү билим берүү, класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун формалары боюнча өз пикирлерин айтты. Директордун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басарлары окуу, тарбия процессинин ийгиликтүүлүгүн арттыруу боюнча ой бөлүшүштү. Конкреттүү иш-чараларды мерчемдешти.
897 11:13 12-10-2019

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|