Новости

"Зирек" билим берүү борборунда "Аялдардын эл аралык майрамына" карата майрамдык кече болуп өттү

ОшМУнун 2021-жылдын 9-мартында ОшМУнун "Зирек" билим берүү борборунда 8-март "Аялдардын эл аралык майрамына" карата окуучулардын чакан майрамдык кечеси болуп өттү. Анда окуучулар тарабынан ыр, бийлер даярдалып, ар түрдүү оюн-зоокторду тартуулашты. Ошондой эле, ар бир класстагы окуучулардын кол өнөрчүлүгү менен жасалган буюмдар жана кооз сүрөттөрдүн конкурсу болуп өттү. Ал эми 4-класстардын арасында дилбаян жазуу боюнча конкурс болуп, анда 4-а класстын окуучусу Курманбекова Ажара жана 4-б класстан Раимкулова София 1-орунду алышты.
280 13:11 10-03-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|