Новости

Румыния мамлекетинин окутуучусу конок лекция өттү

Конок лекциялар уланууда. Кезектеги конок лекцияны 26.03.21 күнү Румыния мамлекетинин Клуж-Напока шаарынын Техникалык университетинин автомобиль, мехатроника жана механикалык инженерия факультетинен Симона Новину айым "Мехатроникалык тутумдарга коюлган талаптар" деген темада өттү. Конок лекцияга Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия адистигинин студенттери, факультеттин деканы У. Сопуев, АССТ кафедрасынын башчысы У. Молдояров, немец тили мугалими Ж. Сарыкбаева ж.б. окутуучулар катышышты. Котормочу эл аралык медицина факултетинин окутуучусу А. Миталипова.
412 18:49 29-03-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 >|