Новости

КР министрлиги А.Максутов тарабынан МФТИТИнин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сатибай уулу Бектурсунга ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ берилди

25.04.2024 ОшМУда бир нече университеттердин студенттерин бириктирген кызыктуу “Жаштар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө карай” республикалык жаштар форуму болуп өттү! Иш-чарага депутаттар, вице-мэр жана башка көптөгөн коомдук ишмерлер катышты. Бул идея алмашуу, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана жаштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу үчүн уникалдуу тажрыйба болду. Студенттик позитивдүү жана жемиштүү чөйрөнү түзүү үчүн ар түрдүү университеттердин студенттеринин ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү барган сайын маанилүү болуп баратат! Мамлекеттик жаштар саясатын ийгиликтүү ишке ашырууда жана жаштардын аймактардагы жигердүү өсүшүнө салым кошкондугу үчүн КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги А. Максутов тарабынан МФТИТ институтутунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Сатибай уулу Бектурсунга ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ берилди. Бектурсун агайга , мындан аркы иштериңизге көп-көп ийгиликтерди каалайбыз!
80 07:08 26-04-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|