Новости

«Улут уңгусу - рух» аттуу регионалдык илимий-практикалык семинар жана окумуштуу-илимпоздордун көргөзмөсү

2021-жылдын 27-апрель күнү эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасы тарабынан Илим жумалыгына карата «Улут уңгусу - рух» аталышындагы регионалдык илимий-практикалык семинар болуп өттү. Илимий семинарда ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, КӨУнун проректору, профессор А.Т. Балтабаева, Б. Осмонов атындагы ЖаМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д. Доранова, БатМУнун Кызыл-Кыядагы колледжинин директору, доцент А.Т. Бердиев, К. Токтомаматов атындагы УЭПтин профессору Ж.А. Дүйшеев, Б. Осмонов атындагы ЖаМУнун Ш. Ниязалив атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, доцент Г.Т. Токтогулова жана ОшТУнун гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, доцент Г. Бекмурзаевалар катышышты жана пленардык баяндамаларды жасашты. Семинар кафедранын окумуштуу-илимпоздорунун көргөзмөсү жана чакан маданий программалар менен коштолду. Кафедранын жалпы мүчөлөрү, аспиранттар, магистранттар жана студенттер семинарга активдүү катышышты.
250 13:41 27-04-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|