2018-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарында “КирФАНдын 75 жылдыгына” жана “2018-жыл – региондорду өнүктүрүү жылына” арналган “Аймактык илим – аймактык экономикага” аттуу темада илимий-практикалык конференция уюштурулду. Аталган конференцияга ОшМУнун философия жана политология кафедрасынын окутуучулары доцент Г. А. Токоева жана Т. А. Базаркуловалар катышып келди. Илимий-практикалык конференциянын программасына төмөндөгү блоктор боюнча пленардык отурум жана 4 секциялык жыйын өткөрүлгөн: “Айлана-чөйрөнү коргоо”, “Аймактын экономикалык потенциалынын резервтери”, “Тилдин, адабияттын, тарыхтын жана маданияттын ролу”, “Экология жана калктын саламаттыгын сактоо”. Аталган блоктордо 50-дөн ашуун докладдар окулду. Конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй токтом кылды:
1. Кыргыз Республикасынын түштүк регионун өнүктүрүү өлкөнүн Президентинин саясатынын алкагында “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы” академиялык жана ЖОЖдук илимдин приоритеттүү маселеси катары эсептөө, 3 облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иш чараларынын контекстинде алардын илимий ишмердүүлүгүн интеграциялоо.
2. Илимий–практикалык конференциянын катышуучуларынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын комлексин карап чыгуу жана координациялоо.