Новости

2-курстун студенттеринен окуу-өндүрүштүк практикасынын эсеп-кысабын кабыл алууу

27-февраль күнү саат 11:00до Укук таануу адистигинин 2-курстун студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикасынын эсеп-кысабын кабыл алуу боюнча комиссия иштеди. Комиссиянын курамында кафедра башчы, доцент Дж.Асанбекова, окутуучулар А.Орозбаева жана Н. Сатылганова болушту. Комиссиянын ишин өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин директору, доцент Т. Матикеев көзөмөлгө алып, комиссия менен бирге иш жүргүздү. Учурдан пайдаланып, Т. Матикеев студенттерге өзүнүн каалоолорун айтып өттү.
2344 14:16 28-02-2017

                 

Новости

|< 1 >|