Новости

Энергетика кафедрасында практикалардын жыйынтыгы боюнча конференция уюштурулду

Физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасындагы өндүрүштүк практиканы аяктап келген ЭСс9-1-15, ЭСб-1-14, ЭСс-1-16 тайпаларынын студенттерине конференция уюштурулду. Конференцияны Энегетика кафедрасынын башчысы, доцент С.К. Султанов ачып берди. Практика жетекчилери студенттердин кайсы районго чыккандыгы жана отчеттук темалары менен тааныштырды. Ар бир студент өздөрүнүн практикада алган билимин жана жасаган иштерин катышуучуларга баяндамалап беришти. Практикалардын жыйынтыгы боюнча практика жетекчилери жана студенттер кийинки практикалар мындан дагы натыйжалуу болушу үчүн өздөрүнүн сунуштарын ортого салып, кызуу талкуу болду.
1345 09:21 03-03-2017

                 

Новости

|< 1 >|