Новости

Медицина факультетинин илим бөлүмү илимий иштер боюнча жооптууларына жыйын өткөзүлдү.

02.06.2022 ж. саат 15:00 дө медицина факультетинин наука бөлүмү илимий иштер жана эл аралык мамилелер боюнча жооптууларына декандын катышуусунда жыйын болду. Жыйында: 1. Илим менен алектенген жаш окумуштууларды, аспиранттарды, илим менен алектенгенгендерди web of science, scopus базаларына 100% каттоо; 2. Студенттик-илимий кружоктор бекитилгендигине байланыштуу, студенттик-илимий кружокторду иштетүү; 3. РК (регистрационная карта) научного направления кафедры утвердить в течении месяца; 4. 10-ноябрь 2022 ж. илим күнүнө карата иш чарага (конкурска) даярдануу, web of science, scopus базаларына макалаларды жазуу; 5. Группага жөнөтүлгөн конференция, семинар-тренинг ж.б. ссылкаларын жөнөткөндө кафедраларга жеткизүү. 6. Чет өлкөгө же жакынкы кошуна өлкөлөргө чыгып келген окутуучулар болсо, сөзсуз ар дайым медицина факультетинин илим бөлүмүнө маалымат сүрөттөрү менен жеткизип туруу же болбосо өзүнүздөр сайтка киргизген маалыматтын ссылкасын бизге жөнөтүү. 7. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жүргөн студенттерге колдоо көрсөтүү (сабактарынан колдоо көрсөтүү) маселелер каралды. Ошондой эле декан проф.Ыдырысов И.Т. илимий иштер боюнча жооптууларына профессордук-окутуучулук курам сапаттык көрсөткүчүн жогорулатышына чакырып кетти. PhD докторантурага (классический метод) тапшырууну сунуштап, кафедраларга бул маалыматтарды жеткизүүнү айтып өттү.
177 14:49 06-06-2022

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|