Новости

Атуулдук стипендия ыйгаруу боюнча университеттеги эң мыкты беш студентти аныктоо үчүн конкурс башталды.

2015-2016-окуу жылына карата атуулдук стипендия ыйгаруу боюнча университеттеги эң мыкты беш студентти аныктоо үчүн конкурска документтерди кабыл алуу башталды. Конкурстун мөөнөтү: 1-15 ноябрда конкурстун биринчи этабы факультеттерде уюштурулат. 15-30-ноябрь күндөрү экинчи этабы университеттик деңгээлде түзүлгөн комиссиянын кароосуна алып чыгылып, мыкты беш студент аныкталат. Жеңүүчү беш студентке айына 100 АКШ долларынан бир жыл бою стипендия ыйгарылат. Андан сырткары активдүү катышуучуларга да бир жолку акчалай сыйлыктар берилет. Каалоочу студенттер №21 бюллетенге ылайык Бюллетенди басып алыңыз документтерин даярдап ОИДке тапшыруусу керек. Биздин дарек: Ленин көчөсү 331, Башкы корпус, №117 кабинет. тел.0322274530.
2666 13:29 02-11-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|