Новости

Финансы-юридикалык коллежинин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы

1.Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан карьера бөлүмүнүн башчысы Жакыпова Гулмира менен биргеликте 3-курстун студенттерине октябрь айында резюмени толтуруу боюнча семинар өткөрдүлдү 2. 2016-жылдын 27-октябрында “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасынын демилгеси менен Ош шаарындагы жаш ишкерлер ассоциациясынын байланыш менеджери Жасур Парпиев ФЮКтун студенттери жана окутуучулары менен биргеликте Ош-ЖИАнын ишмердүүлүктөрү жана коомдогу орду боюнча презентация өткөрүп, андан кийин талкуу суроо-жооп менен уланды. Натыйжада студенттердин ЖИА менен иштөө кызыкчылыктары артып, байланышуу максатында даректерин алышты. Бул иш чара көз карандысыз аккредитациянын стейкхолдерлер менен иш алып баруу критерийлерине салым кошуу максатында уюштурулуп жатат. Мындан ары студенттерди практикага жөнөтүүдө көмөк көрсөтүү, окуу пландарын талкуулоодо өндүрүштө иштеген адистер менен макулдашуу. Өндүрүштөн келип лекция өтүү. Окутуучулардын тажрыйба алмашуусу ж.б. иш чаралар пландаштырылды. 3. 2016-жылдын 17-ноябрында “Шанхай сити” мейманканасында Ош ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Фергана соода-экономикалык форуму- 2016”болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, область жана шаар бийлик өкүлдөрү, ошондой эле мамлекетибиздин областтары жана райондорунан ишкерлер, жогорку окуу жайдын өкүлдөрү жана өндүрүш тармагындагы серепчилер катышышты. Негизги талкууга алынган маселе Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү жана келечек пландары. Форум катышуучулары активдүүлүгүн көрсөтүп, бул тармактагы катышуучуларды кызыктырган көйгөйлөрдү көтөрүп, мамлекеттеги абал жана аны жоюу маселелерин карап ошондой эле бизнес чөйрөдөгү өкүлдөр өз ара катнашын күчөтүү, тажрыйба алмашуу зарыл экендигине токтолушту. Негизинен форумда өндүрүлгөн продукцияны эксперттөө маселесине көп көнүл бурулуп, мамлекетке кол таяна бербей бизнес чөйрө өз мүмкүнчүлүктөрүнө, потенциялыны колдонуу маселелери которулду. Ош ЖИА Бизнес ассоциациясына, тагыраак айтканда Канат Акаевге, Жасур Парпиевге “Фергана соода-экономикалык форуму-2016” уюштургандыгына өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ош МУнун Финансы-юридикалык коллежинин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жооптуу кызматкери Каримова Гульмира Алимжановна да барып катышты. Ушул сыяктуу иш-чараларга катышуу иш берүүчүлөр менен окуу жайдын ортосундагы байланышты чындоого шарт түзөт. 4. 10-декабрь күнү ОшМУнун БиМ факультетинде Финансы жана кредит кафедрасы тарабынан “Экономика багытындагы финансы жана кредит профили боюнча окутуу программасынын сапаты жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары деген темада семинар – талкуу болду. Семинар – талкууга ФЮКнин Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучулары Г.Тойчубекова жана Г.Каримовалар барып катышышты.Талкууда окутулуучу предметтердин жалпы кесиптик компетенцияларынын аткарылышы жана күтүлүүчү натыйжалары жөнүндө сүйлөшүүчүлөр болду.Талкууга окутуучулар, иш берүүчүлөр, башка окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышышты. 5. Финансы-юридикалык колледжинин Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Исаков Н.Ж. жана окутуучулар тарабынан 2016-жылдын 17-декабрында “НББПнын максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын иш берүүчүлөр менен талкулоо” семинары болуп өттү. Талкууда банк өкүлдөрү, жеке ишкерлер, ата-энелер жана бүтүрүүчү студенттер катышышты. Жыйынтыгында НББПнын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалары боюнча иш берүүчүлөр жана ата-энелердин сунуштары кафедра тарабынан эске алынды. Талкууга колледждин директору п.и.к., доцент Т.Акматова , Капитал банктын директору Тендияр., ОАО “Россинбанк” Оштогу филиалынын сатуу бөлүмүнүн улук менеджери Боромбаев А.Т., ЗАО “FINCA Bank” Оштогу филиалынын кредиттер боюнча менеджери Каримов Э.А., жана кредит боюнча эксперт Айылчиев К.Д., жеке ишкерлер Урустамов Д.А., Рустам уулу Дастандар келип катышышты.
1891 13:01 25-02-2017

                 

Новости

|< 1 >|