Новости

ОшМУнун жамаатына «Күзгү романс» спектакли тартууланат

Ош шаарынын С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисттери кезектеги спектаклди элге тартуулоо алдында турушат. Ал «Күзгү романс» пьесасы. Спектаклде болгону 4 эле каарман ойнойт. Алар эки мырза жана эки айым. Театрдын артисти Алымкул Исаков жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын режиссеру Офелия Эркинбаевага таандык спектаклде үй-бүлө, сүйүү,темасы чагылдырылат. «Спектаклде жубайлардын материалдык байлык, моралдык баалуулук көз караштары түрдүү болгондуктан алар турмушта ажырашууга чейин барышат», - дейт режиссер.. Пьесанын соңунда турмушта кайра сыналган каармандар үй-бүлө деген ыйык нерсе экениндигин түшүнүп, кайра мурунку жашоосуна кайтып келишет. Аталган пьеса ОшМУнун жамаатына 17-апрель күнү саат 16:00дө ОУДТда тартууланат. Билет баасы: 20 сом.
2972 10:10 05-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 >|